• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

УКМК: Элиталык эскорт жана интимдик кызматтын уюштуруучусу кармалды

13 Бирдин айы 2024 15:35 Бишкек Govori.TV

Элиталык эскорт жана интимдик кызматтын уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында, КР Кылмыш жаза кодексинин 160-беренесинде (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын негизинде төлөөгө жөндөмдүү жарандарга жана жогорку кызмат адамдарына элиталык интимдик кызматтарды көрсөткөн интернет-группасы аныкталып, анын башкы администратору КР жараны И.К.Д кармалды.

«Аталган И.К.Д. 18 жаштан 25 жашка чейинки жаш кыздардан, ошондой эле “Instagram” жана “Tik Tok” социалдык тармактарында абдан популярдуу болгон белгилүү адамдардан жана блогерлерден турган интернет-группалар тармагын уюштурган. Андагы эскорт кызматтарынын баасы 1000ден 10 000 АКШ долларына чейин бааланып турган. Ошондой эле, И.К.Д. кыздардын Дубай (БАЭ) аймагына жана коңшу республикаларга интимдик кызмат көрсөтүү үчүн баруусун уюштурган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен И.К.Д. кармалып, соттун чечими менен КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21 тергөө абагына киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

Учурда КР УКМК тарабынан жогоруда аталган мыйзамсыз иштерди колдоого тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 90