• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

УКМК: «Фейсбук» аркылуу массалык башаламандык уюштурууга чакырган жаран кармалды

13 Жетинин айы 2023 14:38 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын 19-ноябрында массалык баш аламандык уюштурууга чакырган “Фейсбук” социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө массалык баш аламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырыктарды такай жарыялап турган “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Адис Жумгалов” аккаунтунун колдонуучусу – 1980-жылы туулган КР жараны М.А.Р. аныкталып, кармалды

Өз аракети үчүн жоопкерчиликтен кутулуу үчүн колдонуучу М.А.Р. купуялык орнотуп алган, б.а. “Фейсбук” социалдык тармагындагы фейк аккаунтун колдонгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.А.Р.нын жашаган жеринде 4 даана мобилдик уюлдары, 1 даана персоналдык компьютер, 2 даана ок атуучу куралдар жана ага ок-дарылар, ошондой эле кылмыш иши үчүн мааниси бар башка буюм далилдери табылып алынды.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 154