Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, ал адам жашыруун диний-экстремисттик уюмдарга бөгөт коюу максатында милиция менен бирге уюштурулган иш-чаранын алкагында 3-ноябрда кармалган.
Ал Конституцияга каршы чакырык таштап, Кыргызстанда тыюу салынган идеологиялык принциптерди жана идеяларды жайылткан деп шек саналууда.
Факт боюнча материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») менен каттоого алынды. Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына камалып, сотко чейинки териштирүү башталды.