• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

УКМК «Хизб-ут-Тахрирдин» активдүү мүчөсүн кармады

10 Бештин айы 2021 11:19 Бишкек Govori.TV


УКМКнын маалымат кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, 2021-жылдын 8-декабрында УКМКнын Нарын областтык башкармалыгы жана Нарын облусунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштуруунун жүрүшүндө сот тарабынан тыюу салынган экстремисттик мүнөздөгү, “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУ таандык фотоматериалдарды тараткан “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун активдүү мүчөсү, Кыргыз Республикасынын “Т.у.Б.” аттуу жараны кармалды.

Нарын шаардык сотунун санкциясы менен кармалган жарандын жашаган жеринен тинтүү учурунда Фейсбук социалдык тармагында экстремисттик аракеттерди жасаган «Samsung J2» телефону жана сим-картасы табылып алынган.

Азыркы учурда кармалган жарандын мыйзамсыз иш-аракеттерин документтештирүү боюнча керектүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 100