• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

УКМК: Көлбаевдин УКТ мүчөлөрү тарабынан ишкерлерге келтирилген зыяндын орду толтурулду

13 Жетинин айы 2023 10:52 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан жок кылынган «мыйзамдагы ууру» аталган Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан ишкерлерге келтирилген зыяндын орту толугу менен толтурулду. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Мурда маалымдалгандай, КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында көп жылдар бою ишкерлерден жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан КЭРден экспорттолгон жүктөрдү жана эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз тартып алуу менен алектенип келген, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн аймагында туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурушкан, маркум кылмыштуу лидер К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалган.

Эскерте кетсек, КР УКМКга кылмышкерлер тарабынан 385 миң АКШ доллары өлчөмүндө материалдык зыян тарткан “М.Г.” атту жаран арыз менен кайрылган. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, УКМК тарабынан “өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ошондой эле иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү, анын ичинде КР Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар аныкталып, кармалган.

Тергөөнүн жыйынтыгында кармалган айрым адамдар тарабынан келтирилген зыян транспорттук-логистикалык ишканага жана эл керектөөчү товарлардын ээлерине толугу менен толтурулду.

Өз кезегинде алар уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жана ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер үчүн КР УКМКнын жетекчилигине жана бардык кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 109