• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

УКМК: «Каракол» жаратылыш паркы мамлекеттин балансына кайтарылды

1 Бирдин айы 2024 9:41 Бишкек Govori.TV

Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө алынган «Каракол» мамлекеттик жаратылыш паркы мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобу тарабынан мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерди легализациялоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Каракол лыжа базасынын жанындагы престиждүү аймакта жайгашкан базар баасы болжол менен 10 миллион сомго барабар болгон 2 гектар жер тилкеси табылып, «Каракол» мамлекеттик жаратылыш паркынын балансына кайтарылды.

«Аталган жер участогуна лыжа туристтик базасын куруу пландаштырышкан, бул уюшкан кылмыштуу топко олуттуу суммадагы каражат алып келмек», — деп айтылат маалыматта.

УКМК К.Асанбектин жана анын кылмыштуу тобунун мүлкүн издөө жана мамлекетке кайтаруу боюнча активдүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантууда.

Количество просмотров: 61