• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

УКМК кармаган салык кызматынын орун басары кызматтан алынды

3 Чын куран 2018 16:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.04.2018.Govori.TV
УКМК кармаган Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов кызматынан бошотулду.
Кубанычбек Кумашовду УКМК кармаганын жарыялаган.
УКМК «Интеррустрейд» жана «Полларис» ишканаларына кошумча нарк салыгын кайтарып берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында салык кызматынын төрага орун басары Кубанычбек Кумашов коррупцияга шектелип кармалгандыгын тастыктады.
Эске салсак, 800 миллион сом кошумча нарк салыгын кайтарып берүү боюнча УКМК кылмыш ишин козгогон.
Депутат Рыскелди Момбеков Президент бул сумманы 5 миллиард сомго чейин жеткирерин айткандыгын билдирген.
Количество просмотров: 22