• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

УКМК кармаган Темирболот Абыкеев тил кат менен бошотулду

24 Теке 20249:53 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 23-июлда Ош шаардык сотунда Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеевдин бөгөт чарасы каралып, тил кат менен бошотулду.

Соттун басма сөз кызматынан билдиргендей, Темирболот Абыкеевди 16-сентябрга чейин “Башка жакка кетпөө жөнүндөгү тил кат” менен бошоткон. 

Сот шектүүнън өздүгү аныкталгандыгын, туруктуу жашаган жери бар экендигин жана кызматтык иш сапарын эске алган.

Буга чейин Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев УКМКга суракка чакырылып, кийинчерээк кармалганганы кабарланган. 

Алдын ала маалым болгондой, Абыкеев райондун аймагындагы Ынтымак айыл өкмөтүндөгү (мурдагы Жаңы-Арык айыл өкмөтү) жерлердин сатылышы боюнча суракка чакыртылган.

19-июль күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында селдин кесепеттерин жоюу боюнча жыйын кылып, анда Жаңы-Арык айыл өкмөтүндө 1000 чек 50 миң сомдон 300 миң сомго чейин сатылганын, тиешелүү адамдар жазасыналышы керектигин, эгер акимдин тиешеси болсо ал дагы кармалышы керектигин айткан болчу.

Теги:
Количество просмотров: 160