• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

УКМК кармалган чеченстандык активист боюнча маалымат таратты

21 Баш оона 2023 16:13 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чеченстандык активист Мансур Мовлаев бир жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөнүн, атайын кызматтын террордук уюмдарга бөгөт коюу ишинин алкагында ал Ысык-Көл облусунун аймагында колго түшүрүлгөнүн билдирди.

Мекеме 21-августта тараткан маалыматында 28 жаштагы шектүү радикалдуу идеологияны карманарын, ал Сириядагы эл аралык террордук уюмду каржылоо маскатында анын эмиссарларынын көрсөтмөсү боюнча Кыргызстандагы колунда бар адамдарды карактоо ниетин көздөп жүргөнүн, быйыл январда Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп келип, орус жарандыгы тууралуу жасалма паспорт менен жүргөнү аныкталганын белгиледи.

“Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Мыйзамсыз аракеттерди документтештирүү боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Улуттук коопсуздук органдары террордук жана диний-экстремисттик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштерди улантууда”, — деп билдирди УКМК.

Количество просмотров: 70