Кыргыз Республикасынын УКМК Коррупцияга каршы кызматы «Кыргыз темир жолу «Улуттук компаниясы» Мамлекеттик ишканасында мамлекеттик сатып алууда жана уюштуруу учурундагы кезектеги коррупциялык схема аныкталды.
2018-жылдан 2020-жылга чейинки аралыкта чарбалык субъект эң чоң материалдык пайда алуу максатында Мамлекеттик ишкананын жооптуу кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алып, 1-типтеги (жогорку сапаттагы) жыгач шпалдардын ордуна, иш жүзүндө стандарттарга жооп бербеген сапаты төмөн шпалдарды жеткирип орноткондугу сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аныкталды.
Мындай иш-аракеттер адамдардын өлүмүнө алып келген темир жол кырсыгы түрүндөгү терс кесепеттерди алып келиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук экспертиза кызматы тарабынан жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча бул коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 25 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталды.
2020-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен чарбалык субъектинин өкүлү «И.Г.А.» камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.