• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

УКМК: Куралдардын жана ок-дарылардын кампалары табылды

2 Бештин айы 2020 10:08 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 27-ноябрында УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулуктун ишмердүүлүгүнө каршы турууга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунда курал жарактар менен ок-дары сакталган жер табылды.

Табылган жерден «ТТ» жана «ПМ» маркаларындагы тапанча, аңчылык куралы (кесилген), кесилген курал (карабин менен кесилген мылтык), 39 ок дары жана 6 газ травматикалык тапанчанын 6 огу табылып алынды.

Табылып алынган курал жарак жана ок-дарылар тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүгү (Курал-жарак, ок-дарылардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестине катталды.

Учурда УКМК тарабынан ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 175