• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

УКМК курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 батирди мамлекеттин эсебине алды

8 Үчтүн айы 202518:04 Бишкек Govori.TV

КР УКМКсы жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары боюнча жүргүзүп жаткан иштердин натыйжасында, Бишкектеги Ак-Өргөө конушундагы Ахунбаев — Ашар көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 батирди мамлекеттин кирешесине алды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 20 сотых жер тилкесин мыйзамсыз алуу фактысы аныкталган. Бирок учурда ал жерде социалдык обьектилери бар он кабаттуу турак үй курулууда. Үйдү куруп жаткан курулуш компаниясы жалпы аянты 897 чарчы метр, наркы 89 млн 367 миң сомдук 15 батирди мамлекетке өткөрүп берди.

Бул үйдүн курулушун аяктоо 2027-жылдын биринчи жарым жылдыгына пландалган.

Количество просмотров: 360