• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

УКМК Кыргызстандан Ооганстанга күйүүчү май экспорттолуп жатат деген маалыматты четке какты

16 Бештин айы 202115:52 Бишкек Govori.TV

Ооганстандын нефтетрейдерлери Кыргызстандан күйүүчү май экспорттоп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

«16-декабрга карата Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жарандарды, автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулган. Ошондой эле Министрлер кабинетинин ушул жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, мунай жана мунай продуктуларын ЕАЭБдин чегинен тышкары экспорттоо убактылуу токтотулган. Мунай жана мунай зат продукциялары Кыргызстандан сыртка ташылып чыгарылып жатат деген маалымат жалган»,-деп айтылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 134