• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

«УКМК кызматкери» катары кызматкерлерден, ишкерлерден акча алган жаран кармалды

26 Аяк оона 202416:03 Бишкек Govori.TV


УКМКга жеке ишкерлерден жана муниципалдык кызматкерлерден алардын ишмердүүлүгүн мыйзамсыз текшерүүлөр боюнча бир нече жолу арыздар жана кайрылуулар келип түшкөн. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгүндө (документтерди жасалмалоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, 24-сентябрда У.С.У.аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө У.С.У. аттуу жаран финансылык, чарбалык ишмердикти (салыктык чегерүүлөрдү, финансылык отчетторду, жер тилкелерине укук белгилөөчү документтерди жана башка фактыларды) текшерүү шылтоосу менен УКМКнын жасалма кызматтык күбөлүгүн колдонуп, муниципалдык кызматкерлерди жана жеке ишкерлерди акча берүүгө мажбурлагандыгы аныкталды.

Мындан тышкары, У.С.У. тарабынан жасалган башка мыйзамсыз аракеттерди аныктоо боюнча кошумча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

КР УКМК У.С.Унун иш-аракеттеринен жабыр тарткандарга төмөнкү телефондор боюнча кайрылууну суранат: (03722) 5-60-49 нөөмөт кызматы, WhatsApp номер:(0995) 01-22-10, уюлдук номер: (0770) 97-26-57.

Количество просмотров: 142