• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

УКМК «Мадина» базарынын ээсинин кармалышы боюнча үн катты

10 Тогуздун айы 202311:45 Бишкек Govori.TV

УКМК «Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимовдун кармалышы боюнча үн катты.

Маалыматка караганда, 4-октябрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу), 267-берененин 2-бөлүгү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 37-122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4 жана 18-пункттары (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө учурунда кылмыштуу топко кирген 20дан ашык адам кармалган. Алардын кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жана анын кол алдындагы адамдар тарабынан опузалооо жана рейдерлик басып алуу жолу менен табылган байлыгын адалдаштырууга катыштыгы болгон.

УКМКнын маалыматы боюнча, аталган ишке Турсунтай Салимовдун да катыштыгы бар болгон. Ал мурдагы жана учурдагы кримтөбөлдөр менен тыгыз байланышта болуп, каржылык жактан колдоо көрсөтүп турган.

«Салимов Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна демөөрчүлүк кылып, «общакка», кылмыш жообунан качуу үчүн укук коргоо органдарындагы жана мамлекеттик кызматтагы коррупциялашкан кызмат адамдарды, сотторду «сатып алуу» үчүн акча берип турган. Ошондой эле Салимов Көлбаевдин кылмыштуу тобундагы абакта отурган адамдарга «грев» жөнөтүп турган. Турсунтай Салимов «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев жана анын кылмыштуу байланыштарын өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп, алар аркылуу өзүнүн бизнестеги атаандаштарын жана башка адамдарды коркутуп, кысым көрсөткөн. Ошондой эле ал аталган жол менен башка адамдардын активдерин жана бизнес долбоорлорун тартып алган болушу мүмкүн»,-деп жазылат маалыматта.

9-октябрь күнү Салимов Биринчи май райондук соттун чечими менен 4-декабрга чейин камакка алынганы кошумчаланды.

Количество просмотров: 651