• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

УКМК «Мадина» базарынын негиздөөчүсүнүн уулу Илшат Салимовго издөө жарыялады 

20 Жетинин айы 2023 22:31 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети «Мадина» базарынын негиздөөчүсүнүн уулу Илшат Салимовго издөө жарыялады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, улуттук коопсуздук органдары тарабынан Турсунтай Салимовдун уулуна- Салимов Ильшат Турсунтаевичке КР Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгүндө («Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо») жана 224-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 3-бөлүгүндө («Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган жана байкабастыктан оор зыян келтирүү») каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылды. И.Салимов К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген. Улуттук коопсуздук органдары тарабынан И.Салимов издөөгө алынды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө И.Салимов криминалдык авторитет К.Асанбектин таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен өзүнүн өнөктөштөрүн ар кандай бизнес-долбоорлордогу үлүшүнөн мыйзамсыз ажыратып, андан кийин анын кирешесинен жер тилкелерин сатып алып, үлүштүк катышууга жамынып, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобуна демөөрчүлүк кылышкан. Мындан тышкары, И.Салимовдун курулуш компанияларында үлүшү бар, тактап айтканда, Бишкек шаарында жалпы аянты 3 гектардан ашык кымбат баалуу жер тилкелери бар, ал жерде курулуш компаниялары премиум класстагы көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатышат. Ошондой эле, курулуп жаткан үйлөрдө жалпы баасы болжол менен 12 млн АКШ долларын түзгөн 110дон ашык батирлери (11 миң м2) бар. Белгилей кетсек, Салимовдордун үй-бүлөсү К.Асанбектин камкордугунан активдүү колдонушкан, анын колдоосу менен курулуш жаатында бардык объектилери ишке ашырылган.

Ошондой эле 1995-жылы “Мадина” ЖЧКсы (ээси Т.Салимов) мурдагы №155 бала бакчанын (Чыгыш-5 кичирайону, №18/1, азыркы “Прадо” эс алуу жайы, болжолдуу баасы 5 млн АКШ долларын түзөт) имаратын “Кыргыз камволдук-нооту комбинаты” ААКнан мектепке чейинки билим берүү мекемелерин менчиктештирүү боюнча мыйзамдарды бузуу менен менчикке алган,) ишке ашырылган. Андан соң Т.Салимов менен И.Салимов мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөрдү мыйзамдаштыруу максатын көздөп, курулуш компаниялардын бири менен премиум классындагы көп кабаттуу турак жайды куруу боюнча келишим түзүшкөн. Көп кабаттуу үйдү курууну баштоонун шарттарынын бири катары курулуш компаниясы турак жайдын курулушун бүткөрүүнүн кепилдиги катары кымбат батирди (баасы 500 миң АКШ доллары) бериши шарт болгон. Андан кийин, мурдагы бала бакчанын аймагына турак жай курууга уруксат алуу мүмкүн болбогондуктан, келишим бузулган. Бирок, И.Салимов берилген батирди кайтарып берүүдөн баш тартып, К.Асанбек менен биргеликте ишкерлерге кысым көрсөтүү жолу менен башка адамдардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алышкан. Кийинчерээк бул батирди К.Асанбек Чолпон-Ата шаарында Совет көчөсү, №36 дарегинде жайгашкан мурдагы “Зодиак” казиносунун ордуна соода борборун куруу максатында жер тилкеге алмаштырып алган.

Мындан тышкары, уюштуруучулардын бири И.Салимов болгон “Т.S. Group” ЖЧКсы “Кыргыз камволдук-нооту комбинаты” ААКдан болжолдуу баасы 11,5 млн АКШ долларына жакын жалпы аянты 4,5 га кампа жайларын мыйзамсыз чыгарып алган.

Бул фактылар менен катар К.Асанбектин жана анын кылмыштуу тобунун мыйзамсыз иштерине Салимовдордун үй-бүлөсүнүн катыштыгы бар экендиги боюнча төгүндөлгүс далилдер алынган. Тактап айтканда, И.Салимовдун Чолпон-Ата шаарындагы “Каганат” эс алуу борборунда К.Асанбектин коттеджинин жанында жайгашкан 600 миң долларлык коттеджи бар, ошондой эле курулуп жаткан “Каганат Резорт” эс алуу борборунда 700 миң АКШ долларлык дагы бир коттеджи бар.

Мындан тышкары, анын шаардын борборунда жалпы баасы 700 миң АКШ долларын түзгөн бир нече кымбат батирлери бар. Ошондой эле И.Салимов жүк ташуу, коомдук тамактануу, курулуш ж.б. боюнча адистешкен бир нече ЖЧКнын ээси болуп саналат.

Учурда И.Салимовго издөө жарыяланып, Салимовдордун үй-бүлөсүнөн кылмыш жолу менен алынган кошумча мүлктөрдү аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жогорудагы адамдын жүргөн жери, рейдерлик жол менен басып алуу фактылары же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча маалыматыңыз болсо, КР УКМКга 0312-660475, 0312-626504 телефондору аркылуу кабарлаңыз.

Количество просмотров: 281