• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

УКМК: Мамлекеттик сатып алууда мыйзам бузуу фактысы аныкталды

23 Тогуздун айы 2020 11:25 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик сатып алууда мыйзам бузуу фактысы аныкталды, — деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Билдирүүгө таянсак, УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан мамлекеттик сатып алууларды тийиштүү тендер өткөрбөстөн жүргүзүп жаткандыгы аныкталды.

«2011-2018-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын жогорку кызмат адамдары жоопкерчилиги чектелген коомдордун (ЖЧК) биринин өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүп алып, лифт агрегаттарын даярдоо, жылуулук жана электр энергиясын эсептөө приборлорун техникалык тейлөө жана текшерүү боюнча кызматтарды сатып алууну жана ошондой эле ысык жана муздак сууну сынаксыз жана тийиштүү тендерсиз, ишке ашырышканы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, муниципалитетке 30 миллион сомго жакын зыян келтирген.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 97