• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

УКМК милиция кызматкерлерин кармады

17 Баш оона 2023 18:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында синтетикалык баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген милиция кызматкерлеринин тобу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө алынган маалыматтар тастыкталып, бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү), 343-беренесинин 2-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) жана 262-беренесинин 1-бөлүгү (Кылмыш чөйрөсүн түзүү) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында зарыл болгон тергөө амалдары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Тергөө иштеринде, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин системасында ошондой эле анын структуралык жана аймактык бөлүмдөрү, туруктуу кызматкерлер тобу, оперативдүү мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, адамдарды кармоонун кийинки этаптары менен, «кыстармалар» деп аталган Telegram жана WhatsApp мессенджерлери аркылуу жеке колдонуу үчүн синтетикалык баңгизаттарды сатып адамдарды аныкташкан. Ошол эле маалда кылмышка тиешеси бар адамдарды уюлдук телефондоруна болжолдуу кармоо процесси тартылып алынып, жана видеоматериалдар кылмыш жоопкерчилигине тартып, тергөө камак жайга камайбыз деп коркутуу менен кармалгандардан акча талап кылуу үчүн колдонулган.

«Коркутуулардын жана психологиялык басымдын натыйжасында кармалган жарандар КР ИИМдин аталган кызматкерлерине 20 000 сомдон 5 000 АКШ долларына чейин акча каражатын өткөрүп берүүгө мажбур болушкан, алар талап кылынган сумманы алгандан кийин баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүнүн аныкталган фактыларын жашырып, кармалгандарды бошотушкан. Тергөөдө акыркы 2 жылда гана болгон 200дөн ашык ушул сыяктуу фактылар боюнча маалыматтар алынып, синтетикалык баңги заттарына каршы күрөшүү жаатындагы өлкөдөгү иш жүзүндөгү кырдаалды жашыруунун мурда болуп көрбөгөндөй фактылары жөнүндө күбөлөндүрөт. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жана ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, КР ИИМдин учурдагы кызматкерлери «Б.К.», «Э.А., «Н.К.», «Б.И. жана У.Ч. КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп жазылат маалыматта.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмыштуу схемага тиешеси бар ИИМдин бардык кызматкерлерин аныктоого жана кармоого багытталган иш-чаралар улантылууда жана тиешелүү далилдер табылар замат кылмыш жоопкерчилигине тартылышары кошумчаланды.

Количество просмотров: 219