• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

УКМК Москва райондук сотунун судьясын кармады

6 Жалган куран 2024 15:15 Бишкек Govori.TV

Акча талап кылуу фактысы боюнча Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан демилгеленген материалдардын алкагында башкы прокурор тарабынан Москва райондук сотунун судьяларына Д.К.С., К.Э.О., С.А.А. жана B.T.K.га карата 337-берене «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», 342-берене «Пара алуу», 343-берене «Пара талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголду.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Чүй облусунун Москва райондук сотунун аппаратынын кызматкерлерин, ошондой эле башка судьяларды соттолуучу адамдардан акча каражаттарын алуу максатында кылмыш ишине тартуу менен судьялар тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде Москва райондук сотунун судьясы Б.Т.К., 2024-жылдын 5-мартында соттун кызматкери К.А.Д. аттуу ортомчудан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча оң чечим үчүн 1500 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Белгилей кетсек, кылмыш чөйрөсүнө аралашкан ар бир адам, анын катышуусунун негизинде опузалап алынган жалпы сумманын белгилүү бир үлүшүнө ээ болгон.

2024-жылдын 5-мартында Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы Б.Т.К. камакка алынып, УКМКнын тергөө абагына, ал эми ортомчу К.А.Д. Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө абагына киргизилген.

Учурда Чүй облусунун Москва райондук сотунун калган судьяларына укуктук баа берүү, ошондой эле ушул сыяктуу кылмыш иштерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 142