Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жана республикада электр энергиянын олуттуу жетишсиздигин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын электр тармактарына ири зыян келтирген майнинг-ферманын (криптовалюта үчүн өндүрүшүндөгү) мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын аймагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде, Кыргыз Республикасынын жараны «Б.Т.Б.» 118 даана өлчөмүндө майнинг-ферманы жеке үйгө орнотуп мыйзамсыз пайда алып жүргөнү аныкталды.
«Б.Т.Б.» өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу максатында, «майнинг-фермасынын» жайгашкан жерин, ошондой эле ал жердин үн изоляциясын жана желдетилишин жашыруу боюнча максаттуу иш-чараларды уюштурган.
Азыркы учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар адамдардын бардыгын аныктоо иштери улантылууда.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.