• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

УКМК Орозалиев, Каниметов жана Салиевге генерал наамдары мыйзамдуу берилгендигин текшерүүдө

15 Бугу 202110:50 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ички иштер министринин мурдагы орун басарлары Алмаз Орозалиевге жана Мирлан Каниметовго, ошондой эле УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Талант Салиевге генерал-майор наамы мыйзамдуу берилгендигин текшерүүдө. Аталган маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Белгилей кетсек, Орозалиев, Каниметов жана Салиевге генерал-майор наамын ыйгаруу жөнүндө Жарлыктарга 2020-жылдын октябрь айында экс-президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан кол коюлган.

Количество просмотров: 303