• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

УКМК: Ош шаардык мэриясынын кызматкерине кылмыш ишин козгоду

12 Аяк оона 2018 16:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.09.2018.Govori.TV
УКМК нын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынынан, жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө ишинин негизинде “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча Ош шаардык мэриясынын кызматкерине кылмыш иш козголду. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматынан билдирди.
Ош шаардык кеңеши , мэриянын жооптуу кызматкери жана ижарага коммуналдык менчикти бөлүштүрүү комиссиясы ченемдик укуктук актыларды бузуп, жеке ишкер менен  имаратты 10жылга, 1 айлык акысын 150миң сомго баалап, биринчи үч айлык ижара акысынан бошотуу тууралуу келишим түзгөн.
Мындай мыйзамсыз иш-аракеттин жыйынтыгы шаардын казнасына 1млн, 650сомдон ашык зыян алып келген.
Ош облусунун прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304чү жана 306чы беренелерине ылайык кылмыш ишин козгоду.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Количество просмотров: 33