• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

УКМК: Оштогу спорт комплексин басып алууга Жапаров менен Ташиевдин атынан эч ким барган эмес

16 Чын куран 2021 14:24 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети белгисиз адамдар президент Садыр Жапаровдун жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташтарыбыз деп, Ош шаарындагы спорт комплексин басып алууга аракет кылып жаткандыгы жөнүндө «Ата-Мекен» партиясынын депутаты Шайлообек Атазовдун билдирүүсүнө байланыштуу комментарий берди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин 15-апрелиндеги жыйынында «Ата-Мекен» партиясынын депутаты Атазов белгисиз адамдар өздөрүн Жапаров менен Ташиевдин тарапташтары катары көрсөтүшүп, Ош шаарындагы спорт комплексин басып алуу аракетин көрүп жатышат деген нааразычылыгын билдирген.

“Алынган маалыматтарды текшерүү учурунда, Ош шаарынын Түлейкан айылында жайгашкан 2 гектардан ашык аянттагы үч кабаттуу курулуп бүтпөгөн имарат менен спорттук объект (күрөш залы жана кичи футбол аянтчасы) бар экендиги аныкталды. Тактап айтканда, Союз мезгилинде спорт сарайынын ордуна дерматовенерологиялык оорукана куруу пландаштырылган, бирок СССР кулагандан кийин бул аймак Ош шаардык мэриясынын балансына өткөрүлүп берилген. Ага карабастан, айрым тургундар спорт комплекстин аймагын менчиктештирүүгө активдүү аракет жасап, уруксатсыз жеке менчик үйлөрдү куруп алышкан. Буга байланыштуу 10 жылдан бери Ош шаарынын мэриясы менен жер тилкелерин өзүм билемдик менен тартып алган жергиликтүү калктын ортосунда сот процесстери жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, 2021-жылдын март айында «Улуттар Биримдиги» ППнын шаардык кеңешинин мурунку депутаты Данияр Абдулаевдин демилгеси менен 1 гектар спорт комплексинин калган жерин Ош шаарынын мэриясынынын балансына каттоодон өткөрүү өтүнүчү менен мамлекетбашчыга кайрылуу жөнөтүлгөн.

Ошондой эле, Абдуллаев жана жогоруда аталган спорт клубунун машыктыруучулар штабы менен баарлашуу учурунда Президент Садыр Жапаровдун жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атынан эч ким барбагандыгы аныкталганы айтылат.

Количество просмотров: 187