• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

УКМК: Пара талап кылуу, кыйноо фактысы менен Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

14 Кулжа 2021 14:28 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктрадын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы издөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө, К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү «Т.И.М.» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Такталган боюнча, 2021-жылдын 18-майында К.Досоновдун «Т.И.М.» башында турган уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү бир жаранды күч колдонуп, Ош шаарынын четине үч унаа менен кыйнап алпарып, курал менен коркутушкан. Алар физикалык күч колдонуп, жабырлануучунун «Мерседес-Бенц» унаасын тартып алышып, «общаковская кассага» деп 300 000 сом талап кылышкан. Ошондой эле, жабырлануучуну кыйноого катышкан адамдардын арасында К.Досоновдун жеке айдоочусумын деген «Р.у.А.» кошумча дагы 1000 АКШ долларын талап кылган.

Кармалган «Т.И.М.» Ош областтык жана Ош шаары боюнча УКМК башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда бул иш боюнча бардык айыпталуучулардын өздүгүн аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

Количество просмотров: 332