• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

УКМК: Патрулдук милициянын үч кызматкери кармалды

29 Баш оона 2021 10:05 Бишкек Govori.TV

А.Ч. аттуу жарандын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

КР УКМК Бишкек ШИИБнин Патрулдукмилиция бөлүмүнүн кызматкери А.Ч. аттуу жаранды өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөө учурунда, Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн полкунун рота командиринин орун басары А.Н., полктун 2-ротасынын 3-взводунун кенже инспекторлору Б.Э. жана Б.А. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалгандар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 158