• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

УКМК: “Салимбай байбачанын” тарапташы болгон КР жараны кармалды

29 Баш оона 20249:48 Бишкек Govori.TV

Издөөдө жүргөн УКТнын лидери Салимбай Абдувалиевдин тарапташы КР жараны М.М.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестри автоматташтырылган маалыматтык тутумунун электрондук маалыматтык журналына катталган материалдын негизинде, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 1956-жылы туулган тургуну М.М.М. аттуу жаран кармалган.

Кармалган жаран УКМК органдары тарабынан буга чейин издөө жарыяланган Өзбекстандагы уюшкан кылмыштуу топтун лидери Салимбай Абдувалиев (каймана аты «Салим-бойвоча») менен жана буга чейинки КР УКМК тарабынан кармалган 1978-жылы туулган З.Э.Т. менен Ташкент шаарында жолугуусу маалым болгон.

Жүргүзүлгөн тиешелүү тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топто болуудан баш тартып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийе турганын билдирген.

Количество просмотров: 116