• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

УКМК: Сойкуканаларды калкалаган милиция кызматкерлери кармалды

5 Бештин айы 2023 13:12 Бишкек Govori.TV

Сойкуканаларды калкалаган милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК жана Жалал-Абад облусунун ИИБнын ички коопсуздук бөлүмү менен биргеликте уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн, каржылоо булактарын жоюу, ошондой эле кылмыштуу аракеттерге багытталган акча агымдарын кыскартуунун алкагында, Жалал-Абад облусунун аймагында бир нече жылдан бери мыйзамсыз иштеп келген “сойкуканалар” аныкталды. Ал жерде КР ички иштер органдарынын айрым кызматкерлеринин калдоосу астында интимдик кызмат көрсөтүлүп келгендиги аныкталды.

«ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Б.Н.Д. Жалал-Абад облусунун ИИБнын айылдык милиция бөлүмүнүн жетекчилеринин бири, милициянын майору Д.А. менен бирге сойкуканалардын ишмердигине колдоо көрсөтүү боюнча туруктуу кылмыш схемасын уюштуруп, ал үчүн ай сайын акчалай сый акы алып турушкан.

Жалал-Абад облусунда жалпысынан 30га жакын ижарага алынган батирлер, 2 сауна, 5 мейманканалар интимдик кызмат көрсөткөн. Бул ишке, кыздар республиканын ар кайсы аймактарынан, анын ичинде Коңшу мамлекеттерденда тартылып турган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда облустун аймагындагы сойкуканаларды колдоо боюнча башка укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусу такталууда.

Количество просмотров: 177