• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

УКМК: Спринтерден 3 тонна контрабандалык лимон табылды

13 Чын куран 2021 11:31 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунан Лейлек районунун тургуну, С.Н. аттуу адамдын башкаруусунда бара жаткан Мерседес-Бенц Спринтер унаасы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 3 тоннадан ашык болгон лимон түрүндөгү контрабандалык продукция табылган.

«Такталган боюнча, аталган контрабандалык жүк Кыргыз Республикасынын аймагына коңшу республикадан белгиленбеген өткөрүү пункттарынан киргендиги аныкталган. Коштоочу документтердин жоктугуна байланыштуу, кармалган контрабандалык жүктүн базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө максатында унаа “Баткен” бажы терминалына киргизилди. Чогултулган материалдар «Баткен» базысынын маалымат жөнүндөгү журналына катталды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 75