• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

УКМК: «Түндүк» темир жол бажысында коррупциялык схема табылды

30 Теке 2021 15:26 Бишкек Govori.TV

Темир жол бажысындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык «Түндүк» темир жол бажысынын бажы тариздөө борборунун бажы эрежелерин сактоо боюнча тобунун кызматкерлери логистикалык компаниялардын айрым өкүлдөрү менен туруктуу кылмыштуу мамиледе болуп, интернет продуктуну керектөөчүлөрдөн жана логистикалык компаниялардан тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн товарларды өткөрүп туруу үчүн системалуу түрдө акча алып турушканы аныкталган.

«2021-жылдын 29-июлунда ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн, кийинки келген жүктүн мыйзамсыз өтүүсү үчүн акча алып жаткан жеринен «Түндүк» темир жолунун бажы тариздөө борборунун бажы эрежелерин сактоо боюнча тобунун инспектору «Х.Э.» кармалган. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда «Түндүк» темир жол бажысынын бажы тариздөө борборунун кызмат адамдарынын жана айрым логистикалык компаниялардын бажыдагы коррупцияга тиешеси бар экенин аныктоого, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга бажылык тариздөөдөн мыйзамсыз өткөн онлайн товарлардан келтирилген зыянды аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 362