Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы
алдамчылыкка шек саналып кармалганы расмий тастыкталды.
Атайын кызмат 17-июлда тараткан маалыматка караганда, ал түрк жараны менен сүйлөшүп, жергиликтүү ишкерлерден ири суммадагы акча алышкан. Каражаттан кол жууганын айткан ишкерлер УКМКга арыз жазышкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө эки шектүү тең кармалыап, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 11-августка чейин убактылуу кармоочу жайга камалган. Учурда ишкерлердин чыгымын өндүрүп берүү маселеси каралууда.
Шаршемби күнү айрым басылмалар Камчыбек Ташиевдин бажасы алдамчылыкка шек саналып кармалганын жазган.