• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

УКМК: Тыюу салынган «Йакын-Инкар» уюмунун мүчөсү бул уюмдан баш тартты

5 Теке 2021 13:46 Бишкек Govori.TV

Нарындын тургуну «Йакын инкар» уюмунун мүчөсү бул уюмдан баш тартты, — деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КРнын диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Кочкор районунда диний иштер боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Нарын облусунун жашоочусу “Б.у.Ш.” аттуу жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик уюмунун (ДЭУ) ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экендиги аныкталды.

2021-жылдын 30-июнунда Кочкор районунун хатибиятынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында, Б.у.Ш. анын көз караштарынын жаңылыштыгын мойнуна алып, мындан ары бул экстремисттик кыймылдын ишине катышуудан баш тартканын белгилеп, райондун тургундарын экстремизм идеяларынын таасиринен сак болууга чакырды.

УКМК тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө каршы алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча системалуу иш-чараларды улантууда.

Количество просмотров: 178