• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

УКМК Украинадагы согушта жүргөн Кыргызстандын жараны тууралуу маалымат таратты

15 Баш оона 2023 18:09 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышуу фактысы боюнча УКМК маалымат таратты.

Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн контрчалгындоо иш-чараларынын алкагында УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан Кыргызстандын жараны аныкталды.

«Б.у.Б. аттуу жаран 2022-жылдын 22-февралында Орусияда иштөө үчүн барып, ал Орусиянын түзөтүү мекемелеринин биринде жаза өтөө менен кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган. Атайын аскердик операциянын фонунда, Украинанын аймагында Орусиянын куралдуу күчтөрү тарабынан ишке ашырылган, “Вагнер” жеке аскердик компания өкүлдөрү тарабынан кабыл алынган жана келишимдик негизде Украинанын аймагында согуштук тапшырмаларды аткарып жаткан аскер топторунун катарына кошулган. 2023-жылдын 1-августта Б.у.Б. кармалып тергөөнүн жыйынтыгында кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн»,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу, же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүдө” мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Количество просмотров: 204