• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

УКМК: «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмүнүн адиси кармалды

25 Жалган куран 2022 16:11 Бишкек Govori.TV

Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмүнүн адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, КР ИИМ «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан Абхазиядан келген, тиешелүү бажы жол-жоболорунан өтпөгөн «Лексус GX-470» үлгүсүндөгү унаага Россия Федерациясынан келген делген жасалма документтердин негизинде автотранспорт каражатына каттоо күбөлүгүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик номурун каттап бергендиги аныкталды, натыйжада мамлекетке 1 млн 870 миң 586 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

«2022-жылдын 24-мартында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык башкармалыгынын адиси А.М.М. Кыргыз Республикасынын кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмышка шектүү катары кармалып, Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантып жатат.

Теги:
Количество просмотров: 285