• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

3 Жетинин айы 2020 16:41 Бишкек Govori.TV


Кыргыз Республикасынын УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иштерин аныктоого жана бөгөт коюуга, ошондой эле кылмыштуу элементтердин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга таасиринин алдын алууга багытталган жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалып, алар менен профилактикалык иш-чаралар өткөзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Ошондой эле, уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринде жүргүзүлүп жаткан тинтүү учурунда курал-жарак жана ок-дарылар табылып алынган. Материалдык далилдер экспертизага жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишин нейтралдаштыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Количество просмотров: 208