• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

УКМК ветеринардык кызматтын башкы эсепчисин пара менен кармады

26 Теке 202410:55 Бишкек Govori.TV

 Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын Бишкек башкармалыгынын бухгалтеринин мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды.

УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө 25-июлда «Опузалап пара талап кылуу» фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 40 миң сом паранын бир бөлүгүн алуу учурунда Ветеринардык кызматтын Бишкек башкармалыгынын башкы эсепчиси М.Н.С. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Көрсөтүлгөн акча каражаттары жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң корутунду чыгаруу максатында кийин КР Эсептөө палатасынын кызматкерине өткөрүп берүүгө арналгангандыгы аныкталды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

Теги:
Количество просмотров: 145