• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

УКМК: Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында ири өлчөмдөгү зыян келтирилгендиги аныкталды

6 Жетинин айы 201811:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.11.2018.Govori.TV.
УКМК башкы тергөө башкармалыгы тергеп жаткан Кылмыш-жаза кодексинин 304, 171, 189, 350, 306 жана 315-беренелери боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында ЖАМК көчмө механизациялашкан колоннасынын жана “САСЭМ” жабык акционердик коомунун оңдоп-түзөө ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү.
Анын жыйынтыгында, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке ири өлчөмдөгү, тактап айтканда 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Количество просмотров: 54