• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

УКМК: Жеке медициналык мекемелер томографиянын баасын төмөндөттү

18 Жалган куран 2024 13:28 Бишкек Govori.TV

Жеке адистештирилген медициналык мекемелерде томографиялык текшерүүлөрдүн баасы төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан карапайым калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кароо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен, баа саясатын жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, медициналык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда баа түзүү маселелери боюнча ири жеке медициналык мекемелердин катышуусунда жыйын өткөрүлдү.

Аталган иш-чаранын алкагында калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапаты жана алардын баа саясаты талкууланып, жыйынтыгында томографиялык изилдөөлөрдүн бардык позицияларына бааларды 20%га чейин төмөндөтүү боюнча бир катар ири компаниялар менен макулдашууга жетишилди. Алар:

  • «Юнит-Реактив Фарма»,
  • «Медипол»,
  • «Томэкс»,
  • «Шаншуй Силк Роуд Кейджи»,
  • «Альфа МЕД-ЛТД»,
  • «Берди»,
  • «Медипарк»,
  • «Гульмед»,
  • «Систем Озел Тыбби Йатырымлар ве Тиджарет»,
  • «Юрфа»,
  • «Авиценна»,
  • «Меди»,
  • «Веданта».

Ал эми «Кортекс Неврологиялык борбору» 30% чейин төмөндөтүүгө макулдашты.

КР УКМК лабораториялардын жана медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын жөнгө салууга, ошондой эле жеке медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга көмөк көрсөткөн мамлекеттик медициналык мекемелердин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган иш-чараларды улантууда.

Количество просмотров: 74