• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

УКМК: Жеке менчик лабораториялар бааны 50% чейин төмөндөттү

4 Жалган куран 2024 16:04 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан карапайым калк үчүн көрсөтүлүүчү медициналык лабораториялык кызматтардагы баа саясатын жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, ири жеке менчик медициналык мекемелердин катышуусунда жолугушуулар өткөрүлдү.

УКМК кабарлагандай, аталган иш-чаралардын алкагында калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана алардын баа саясаты талкууланып, жыйынтыгында «Интелмед» (Бонецкийдин лабораториясы), «Аквалаб», «Евролаб», «Гемотест», «Экспресс-Плюс», «Медикана», «Лазмед клиникасы», «Гуман», «Интер-Лаб» (Инвитро), «Интермедикал» жана «Фарватер» ири компанияларындагы  лабораториялык изилдөөлөрдүн (анализдердин) бардык позицияларындагы бааларды 30% га чейин төмөндөтүү боюнча макулдашуулар жетишилди.

Ал эми реагенттерди жеткирүүчүлөр «Юни-Хелп»,»Лаб-Сервис», «Кокомерен», «Юрфа», «Эль-Фарм», «Медикс-Элес», “Медцентр.кж”  “Би-Хелс-Фарм», «Эрай-Фарм», «Фарватер», «Мээр-Чоп», «Мирамед жана Ко», «БиЛайв», «Медитэк», «Меди-Прогресс» жана «Дайра-Фарм” сыяктуу бир катар ЖЧКлар берилген реагенттердин баасын 15% га чейин төмөндөттү.

Мындан тышкары, «Юрфа» ЖЧКнын жетекчилиги «Текшерүү томографиясынан» өтүү кызматын 20% га төмөндөттү. “Томографиядан өтүү» кызматынын баасын төмөндөтүү боюнча ушундай эле иш-чаралар калган жеке медициналык мекемелер менен да жүргүзүлмөкчү.

Муну менен катар, лабораториялык изилдөөлөрдүн кеңири спектрин, ошондой эле республика боюнча кабыл алуу пункттарынын эң көп санын эске алуу менен «Интелмед» — «Бонецкий лабораториясы» ЖЧКсы менен мамлекеттик медициналык мекемелерден дарыгерлердин жолдомосу боюнча келген бейтаптарга 50% га чейин жеңилдетилген кызматтарды көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.

УКМК лабораториялардын жана медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын жөнгө салууга, ошондой эле жеке медициналык уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга көмөк көрсөткөн мамлекеттик медициналык мекемелердин кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган иш-чараларды улантууда.

Количество просмотров: 104