УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматында ишеним телефон менен электрондук почта иштеп баштады. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК коррупция боюнча фактыларды ачыктаган жарандардын аты-жөнү купуя катары сакталарына кепилдик берет.
Жарандарга укук коргоо органдары же кызмат адамдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр, мыйзамга каршы иш-аракеттер жасалганы тууралуу жана башка УКМКнын компетенциясына кире турган маселелер боюнча фактылар маалым болсо, (0312) 66-00-20 же «[email protected]» электрондук почтасына же (0312) 66-04-75 телефону боюнча кезметтер турган кызматка байланышса болот.