УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов абактан онкологияга которулду
УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов абактан онкологияга которулду
15 Баш оона 2018 13:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.08.2018. Govori.TV
УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов абактан Улуттук онкология борборуна которулду. Бул тууралуу бүгүн Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы Govori.TV агенттигине билдирди.
Суталинов бөйрөк оорусуна байланыштуу ооруканага которулган.
“Ал соттолгонго чейин эле ооруп келген экен. Акыркы убакта №47-түзөтүү мекемесинде дарыланып жаткан. Анын ооруканага которулганына бир апта болду. Учурда ал кайтаруу алдында дарыланууда, ооруканадан качан чыгары белгисиз”,– дейт маалымат кызматы.
Эске салсак, Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал «2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган» деген айыптын негизинде 20 жылга эркинен ажыратылган.
“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, …