• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

УКМКнын алдамчылыкка шектелген тергөөчүсү тил кат менен бошотулду

14 Теке 2021 16:07 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө маалында 200 миң долларды кымырып алган деп шек саналган бөлүм башчысы эч кайда чыкпоо шарты менен бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан кабарлашты. Ага ылайык, атайын кызматка эки кытай жараны бири-бирине арызданып кайрылган. Тергөөнүн жүрүшүндө бир кытай жараны экинчисин 200 миң долларга алдап кеткени аныкталган. Ал күнөөсүн мойнуна алган жана бул акчаны УКМКнын тергөөчүсү кайтарып берерин айтып, тил кат дагы жазып берген. Бирок иш сотко жеткенде акча ээсине берилбегени ачыкка чыккан.

Кылмышка шектүү, УКМКнын Тергөө башкармалыгынын төртүнчү бөлүмүнүн башчысы С.Э алгач соттун чечими менен 28-августка чейин камакка алынган, көп өтпөй бөгөт чарасы өзгөрүп, эч кайда чыкпоо шарты менен бошотулган.

Соттун маалыматына ылайык, УКМКнын кызматкери 100 миң долларды кайтарып берген.

Атайын кызмат буга байланыштуу азырынча расмий комментарий бере элек.

Количество просмотров: 102