• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

УКМКнын алдына журналисттер жана укук коргоочулар чогулуп жатышат

15 Үчтүн айы 2024 16:31 Бишкек Govori.TV

Бишкекте УКМКнын имаратынын алдына журналисттер жана укук коргоочулар чогулуп жатат.

Алар «24.kg» маалымат агенттигинин УКМКга суракка алып кирип кетишкен кызматкерлерин колдоо максатында келишкен.

Буга чейин УКМК кызматкерлери саат 11лер чамасында Бишкекте 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесин тинтүүгө алып, имаратка мөөр басып, компьютер процессорлорун алып кетишкен. Ошондой эле УКМК кызматкерлери басылманын башкы директору Асел Оторбаева менен редактору Махинур Ниязованы алып кетишкен.

Ал эми атайы кызмат маалымат таратып, 15-январда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмыш иши козголгонун маалымдады.

«КР Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси («согушту пропагандалоо») боюнча кылмыш иши козголуп, «24.kg» маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда компьютерлер, ноутбуктар, электрондук алып жүрүүчүлөр, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынган», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 209