• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

УКМКнын башчысы менен спикер бирге сейилдешти

23 Теке 202423:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Ала-Арчада сейилдеп жүргөн сүрөттөрүн социалдык тармакка жарыялады.

Ошондой эле «жайдын аптабында Ала-Арча капчыгайын аралап…Бийик тоолор, асман тиреген карагайлар, шаркырап аккан суу өзгөчө керемет… Мындай жаратылыш, мындай табият дүйнөдө жок…Элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык болуп, өлкөбүз өнүгө берсин»-деп жазды. Айрымдар ийгилик каалап «чыныгы ага-ини ушундай болуш керек» деп комментарий калтырса, кээ бир сайттар «жаңы доспу» деген ойлорун жазышты.

Чынында Камчыбек Ташиев менен Нурланбек Шакиевдин эбактан бери эле жакшы мамилеси бар…

Теги:
Количество просмотров: 419