Самидин уулу Сагынбек УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат карадаттары күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактарына таянуу менен жазышууда.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка 22-ноябрда кол коюлган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Сагынбек Самидин уулунун кызматтан алынышы Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана алдамчылык боюнча шектелип жаткан УКМКнын бөлүм башчысы Э.С.нын ишине байланыштуу болгон.