• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

УКМКнын Чек ара кызматына 40 даана брондолгон аскердик техника тапшырылды (Сүрөт)

21 Тогуздун айы 2021 17:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-октябрда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына күжүрмөн техниканы тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Зооттолгон аскердик техниканын кырк даанасы КР УКМК Чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын бекемдөө үчүн мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча сатылып алынган.

Белгилей кетсек, өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу биздин жергиликтүү аймакка ылаыйыкталган жаңы аскердик техника ушунча санда толугу менен бюджеттик каражатка сатылып алынды.

Количество просмотров: 125