• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

УКМКнын кызматкери 19 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп айыпталууда (аудио)

16 Теке 2021 13:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну УКМКнын кызматкерин зордуктоого аракет жасаган деп айыптады. Бул тууралуу жабырлануучу өзү билдиргенин массалык маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 3-июнга караган түнү Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында болгон.

Кыздын айтымында, жумушундагы жетекчиси менен үйүнө бара жаткан. Башка унаада Темирлан аттуу жаран сүйлөшкөн кызы менен бараткан. Диана (аты өзгөртулдү) Темирлан УКМКнын кызматкери экенин белгиледи.

«Темирлан биринчи сүйлөшкөн кызын, андан кийин мени жеткирерин айтты. Сүйлөшкөн кызын үйүнө таштагандан кийин унаасын Беш-Күнгөй айылына айдады. Мени унаадан түшүрүп коюу же артка кайтуу тууралуу өтүнүчтөрүмө жооп берген жок», — деди ал.

Андан соң Темирлан ага асылып баштаган. Айзирек качып кетүүгө аракеттенген, бирок Темирлан ага мүмкүнчүлүк берген эмес.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы 2002-жылы туулган К.А. 4-июнда милицияга кайрылганын билдирди.

Милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныкташты. Ал 1993-жылы туулган А.Т. экени белгилүү болду. А.Т. айыптоолорду четке кагууда.

Тергөө уланууда.

Количество просмотров: 384