• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

УКМКнын Талас облустук кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычы тапшырылды

21 Жетинин айы 2023 16:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Талас облусундагы кызматкерлерине жана УКМКга караштуу чек ара кызматынын аскер кызматчыларына кызматтык үйлөр берилди.

Атайын кызматтан кабарлашкандай, жаңы батирлердин ачкычын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды.

Салтанаттуу иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, УКМК ардагерлери, тийиштүү кызматтын өздүк курамы, чек ара кызматынын аскерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү катышты.

Беш кабаттан турган 35 батирдин, 19у УКМК кызматкерлерине, ал эми 16сы чек ара кызматынын аскер кызматчыларына берилди.

Өз кезегинде Камчыбек Ташиев коопсуздук кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жаңы конуштуу болуусу менен куттуктап, аларга көрүлүп жаткан камкордуктун баары президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле жалпы өлкө боюнча, анын ичинде Талас облусунда УКМК кызматкерлери үчүн тийиштүү шарттар түзүлүп, райондогу ар бир имарат жаңыланганын маалымдады.

Аны менен катар төрага күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин айлык акылары көтөрүлүп, алардын материалдык- техникалык базасы чыңалганын кошумчалады. Андыктан ар бир кызматкерди мекен коопсуздугу, элдин бейпил турмушу үчүн ак дилден кызмат өтөөгө чакырды.

Белгилей кетсек, көп кабаттуу турак жайдын курулушу 2022-жылдын октябрь айында башталган. Жалпы аянты 3992 м2 түзөт.

Количество просмотров: 68