• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

УКМКнын тергөө абагында кармалган адамдардан коронавирус аныкталды

16 Теке 202114:54 Бишкек Govori.TV

УКМКнын тергөө абагында камакта жаткандардын көпчүлүгү коронавируска чалдыккан, алардын арасында катуу ооругандар бар экендиги тууралуу маалыматтар тарады.

Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы абактагы 4 адамдан коронавирустун белгилери табылып, ооруканага которулгандыгын билдиришти.

Эске салсак, учурда УКМКнын тергөө абагында экс-спикер, депутат, экс-премьер-министр, экс-депутаттар баш болгон бир нече мурдагы чиновниктер кармалууда.

Жакында эле «Бикард» жеке кардиологиялык клиникасына президенттин аппаратынын экс-башчысы Данияр Нарымбаев, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Исхак Пирматов, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын экс-башчысы Василий Дашков абактан которулушуп, даарыланып жатышкан.

Количество просмотров: 417