• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Укук» жана «Соцсервис» мамлекеттик ишканалары түзүлдү

8 Теке 2019 19:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.07.2019.Govori.TV.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин алдында «Укук» жана «Соцсервис» мамлекеттик ишканалары түзүлдү. Бул тууралуу чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун 8-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

«Укук» ишканасы сот, прокуратура, укук коргоо органдары, Жогорку Кеңеш, жергиликтүү кеңеш, миграция, коргонуу, өзгөчө кырдаалдар, жаза аткаруу, чек ара, радиациялык жана өрт коопсуздугу тармагында иштеген мекемелер үчүн маалымат системаларын иштеп чыгып, алардын үзгүлтүксүз иштешин жана техникалык тейлөөсүн камсыз кылат.

Ал эми «Соцсервис» саламаттык сактоо, билим берүү, илим, маданият, спорт, социалдык камсыздандыруу, мамлекеттик жөлөкпул, жеңилдиктер жана пенсия тармагында иштеген мекемелер үчүн жооптуу болот.

Өкмөттүн басма сөз кызматы белгилегендей, чечим санариптик трансформация багытында коюлган тапшырмаларды аткарууга шарт түзүү максатында кабыл алынды.

Количество просмотров: 26