• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Улан Эгизбаевдин апасы: «Уланымдын  өмүрү кыска болсо дагы, анын атындагы фонд түбөлүктүү болсун»

14 Аяк оона 2018 12:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек 15.09.2018. Govori.TV
Бүгүн,  Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” коомдук фонддун презентациясы жана анын  ишмердүүлүгү менен тааныштыруу иш-чарасы өттү.
Мында маркум Уланбек  Эгизбаевдин апасы  “Журналисттик иликтөөлөр фонду” коомдук фонддун уюштуруп берген Роза Отунбаевага ыраазычылык билдирди.
» Улан кандай иштесе,сиздер дагы Уландын өмүрүн түбөлүктүү кылып, туулган күнүнө тууралап, жакшы иш кылыпсыздар. Мыкты журналисттерди чыгарып, Уландын өлбөс-өчпөстүгүн билдирип турсаңар, бул дагы бизге демөөр болот. Биз Уланды төрт кыздан кийин бир эле уул деп жүрсөк, Улан кырыз элинин уулу  экен. Улан  мен айтпасам ким айтат, мен  кылбасам ким кылат деп айтып калчу.   Көрсө ал бекер айтпаптыр, бекер  кылбаптыр жана бекер иштебептир. Ал эми  сиздердин дагы баштаган ишиңиздер түбөлүктүү болсун. Улан  кыргыз элим,жерим деп  иштеген болсо, силердин фонд дагы ошондой кыргыз элим жана жерим деп иштешине ишенем»,-деди Эгизбаевдин апасы.
Мындан сырткары Улан Эгизбаевдин апасы Уландын  өмүрү кыска болсо дагы, сиздердин фонддун өмүрү түбөлүктүү болсун. Уландай балдар кыргыз элинде чыга берсин деп сөзүн жыйынтыктады.

 

Количество просмотров: 15